Бетти старттык жасоо  Тандалмалууга сайттты кошуу  Башкыга  Кат жазуу  Сайттын картасы                  

 

      Ислам банкинги боюнча кызматтар → Жеке кишилерге → Счет ачпай туруп акча которуулар →


Эко - Которуу



Бүгүнкү күнгө ЭкоИсламикБанк Бишкек, Кант, Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол, Токмок, Кемин, Кара-Балта, Ош, Карасуу, өзгөн, Кызылкыя, Исфана, Баткен, Жалал-Абад, Кочкората, Базар–Коргон шаарларында жана Александровка, Сокулук, Ивановка, Беловодское, Чалдыбар, Ноокат, Араван, Жаңы-Базар, Пүлгөн, Кашкар-Кыштак, Каракулжа, Сузак жана Массы селолорунда 80ден ашык филиал жана сактык кассалардын кең тармагын түзгөн.

«Эко-Которуу» системасы боюнча акча которуулар Республиканын ичинде окуу үчүн төлөө, туугандарга жана досторго жардам жана коммерциялык ишмердик менен байланышпаган башка максаттарга акча которуу менен байланышкан көп маселелерди чечүүдө жардам берет.

Которуулар улуттук да, чет элдик да валюталарда ишке ашырылат. Которуунун максималдык суммасы улуттук валютада 500 000 сомду же анын чет элдик валютага которгондогу эквивалентин: 15 000 АКШ долларын, 10 000 еврону, 350 000 рублди же 1 700 000 тенгени түзөт.

Которууну жиберүү үчүн төмөнкү аракеттерди жасоо зарыл:
  1. «ЭкоИсламикБанк» ААКнын каалаган пунктуна паспорт (же КР колдонуудагы закондоруна ылайык кишинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү башка документ) менен келүү;
  2. Акча которууга алуучунун ФААсын көрсөтүу менен арыз толтуруу;
  3. Кассага которулуучу сумманы төлөө жана акча которуу үчүн комиссияны төлөө;
  4. Оператордон акча которуунун кодун алуу;
  5. Алуучуга которуунун кодун, которулган акчаны берүүчү пункттун адресин, которуунун суммасын жана которуу ишке ашырылган датаны билдирүү.
Которулган акчаны алуу үчүн төмөнкүлөрдү жасоо зарыл:
  1. «ЭкоИсламикБанк» ААКнын бөлүмүнө келүү;
  2. Операторго паспортту (же КР колдонуудагы закондоруна ылайык кишинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү башка документти) көрсөтүү;
  3. Акча которуунун кодун, суммасын жана датасын жиберүүчүнүн ФААсын билдирүү;
  4. Которулган акчаны кассадан алуу жана акчаны алгандык үчүн комиссиянын суммасын төлөө.
Эко-Которуу боюнча тарифтер:
Которуулар үчүн комиссия болгону 0,1 пайызды, минимум 20 сомду түзөт

Которууну ал кимдин атына жиберилген болсо, жалаң ошол киши гана алуусу мүмкүн. Которууну алуу үчүн кишини күбөлөндүрүүчү документти көрсөтүү, которуунун уникалдуу номерин жана которуунун суммасын атоо зарыл.

Клиенттерди тейлөө башкармасы
Тел.: 69-03-16, 69-04-14
Маалымат-справка кызматы
Тел.: 69-03-70, 69-03-80
Русский  |  Кыргызча  |  English

Бүгүн

Банк тарабынан финансылоонун ислам принциптери боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар тууралу көбүрөөк билүүнү каалайсызбы?

 жок, жетишерлик билем
 жок, билүүнү да каалабайм
 ооба, көбүрөөк билүүнү каалайм

 
Сиз кандай банк кызматтарынан пайдаланасыз?

 акча которуулар
 пластикалык карталар
 валюталарды алмаштыруу
 салымдар
 эсептешүү счету
 насыя
 башкалар

 
Locations of visitors to this page
 
 
  статистика посещений
бесплатный счетчик